30 жаштан кийинки диета өмүрдү узартат

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:36

30 жаштан кийин диета кармоо картаю процессин жайлатып, кооптуу ооруларга кабылуу коркунучун азайтат. Бул тууралуу Висконсин Университетинин окумуштуулары менен Улуттук картаю институту билдирет. Изилдөөнүн натыйжалары “Nature Communications” журналына жарыяланган.

Окумуштуулар маймылдардын-резусуна тажрыйба жүргүзүшкөн. Себеби алардын гендери 93 пайыз адамдыкына шайкеш келет. Орто жаштагы диета адамдардын өмүр сүрүү узактыгы, ошондой эле кант диабети, онкологиялык жана жүрөк кан-тамыр ооруларына байланыштуу. Изилдөөчүлөр 30 жылдан кийин адамдарга тамактардагы калорияны чектеп, кечки убакытта тамактан баш тартууга кеңеш беришет.

Эксперттердин маалыматы боюнча, орто жаштан баштап туура тамактануу жана тамак-ашка болгон мамиле эрте көз жумуу коркунучун азайтат. Маймылдарга жасалган эксперименттердин натыйжалары боюнча, диета кармаган адамдардын өмүр сүрүүсү 9 жылга узарат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!