Арыктагыңыз келеби?

28-Окт. 2017, Ишемби, 14:13

Төмөндөгү кеңештер ашыкча салмактан арылууга өз таасирин тийгизет:

Эгер сиз жаш кезиңизден тарелкада эч нерсе калтырбай жегенге үйрөнсөңүз да, баардык тамакты түгөтүп ичпөөгө тырышыңыз.

Тамак үстүндө башка нерселер менен алектенбеңиз. Мисалы, гезит окуп отрусаңыз-эмне ичип отурганыңызды билбейсиз, ошондуктан, тамактануу маданиятына көңүл бөлүңүз.

Оозго салган тамактын даамы менен жытын сезүүгө тырышыңыз.

Тамакты абдан чайнап жутуңуз, андан кийин гана кашык-чыныңызды кайра кармаңыз. Жуткан сайын организмге тыныгуу жасаңыз.

Жалгыз тамактанбоого тырышыңыз. Жубайлар диета кармоодо бирин-бири колдоп турган жөн, эгер бирөө аны (диетаны) сактабай жатса-таарынуунун кереги жок.

Тамакты чактап даярдаган оң. Ашыкча даярдалган тамакты ач көздөр гана ичишет.

Эгер үйүңүздө аш үй болсо ошол жакка дасторкон даярдаңыз. Дагы ичкиси келгендер аш үйгө кайра баргысы келбеши да мүмкүн.

Тамак ичүү убакытын созууга тырышыңыз. Тамак ичкенден кийин 20 мүнөттөн соң гана ашказанга жетерин унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!