Йога менен аэробиканын пайдасы

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 12:14

Индия окумуштуулары жүрөк кан тамыр ооруларына чалдыккан адамдарга йога жана аэробика менен машыгууга кеңеш беришет.

“Адистердин сөзүнө ишенсек, йога менен аэробика көнүгүүлөрүнүн натыйжасында стресс менен жүрөк кан тамыр ооруларынын көрсөткүчү кыйла төмөндөдү”,- деп жазат “UPI.com.”

Изилдөөдө жүрөк-кан тамыр оорулары менен семирип кетүүгө чалдыккан 750дөн ашык адам катышкан. Катышуучуларды үч топко бөлгөн. 225 адам аэробика менен, 240 адам йога менен, калган 285 катышуучу экөө менен тең машыгышкан. Алты айлык үч курстан кийин баардык катышуучулардын ден соолуктарында оң өзгөрүштөр байкалган. Кан басымы түшүп, ашыкча салмактан кутулушкан.

Ошону менен бирге йога жана аэробика менен алектенген эрктүүлөрдүн катарында жүрөк кан-тамыр ооруларынын пайда болуу коопчулугу эки эсе төмөн көрсөткүчкө ээ болгон.

Ошондой эле, йога менен аэробиканы айкалыштыруунун аркасында көптөгөн катышуучулардын физикалык көрсөткүчтөрү да жакшырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!