Организмди тазарткыңыз келсе

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 14:40

Биздин ден соолугубуздун мыктылыгы — эртеңки күндүн кепилдиги. Ошондуктан ден соолукту сактоонун ыкмаларын колдонуп, өзүбүзгө өзүбүз күтүм жасообуз керек. Сиздерге ичеги-карынды тазалоонун ыкмасын сунуштамакчыбыз.

Айран менен гречка уну

Кандын курамындагы кант өлчөмүн азайтуу, ичеги менен кан тамырларын тазалоо, зат алмашуу процесси менен уйку безинин кызматын калыпка келтирүүгө айран менен гречка унунан жасалган аралашма жардам берет.

Сулуу кисели

Сулуу кисели көптөгөн ооруунун бетин кайтарат. Клетчаткага бай болгон сулуунун аркасында ичегини тазалап, ашказан ооруларын эмдөө, ашыкча салмактан арылуу менен бөйрөк оорусун айыктыруучу касиети бар.

Күрүч

Диеталардын ичинен күрүч диетасы кол жетимдүү жана натыйжалуу болуп эсептелет. Күрүч боорду, ичегини жана башка дененин ички мүчөлөрүн металдар менен шлактардан тазалайт.

Күрүч кисели

Күрүч кисели менен гречка унунан жасалган аралашыма муундарды, ашказанды тазартууга жана ашыкча салмактан арылууга жардамын тйигизет.

Гречка

Организмди тазалоодо гречканын пайдасы мол экени баарыбызга маалым. Бирок, эгер организмде шлак өтө көп болсо, мындай ыкма ашказан менен ичеги-карындын ооруксунуусуна алып келиши мүмкүн экенин эсте сактаңыз. Эгер оорунун алгачкы белгилерин сезсеңиз маш буурчак менен сулуу менен эмделүүгө алмаштырганыңыз жөн.

Активдештирилген көмүр

Ар бир үйдө бар бул дарынын жардамы мол. Активдештирилген көмүр ичтин көбүүсүн, диспепсия, жүрөктүн айлануусун дарылайт. Организмге түшкөн уулуу заттарды өзүнө сиңирип алган да касиети бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!