Тез арыктатуучу сельдерей шорпосу

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:28

Америкалык хирургдар семиздиктен жабыр тарткан адамдарды операция алдында арыктатуучу шорпо ойлоп табышкан.

Шорпо өтө пайдалуу, мындай диетаны кармоо кыйын эмес жана тез арыктоого жакшы жардам берет. Сельдерей диетасына каршы көрсөтүм жок жана кандай да бир чектөө коюлган эмес. Диетаны ар бир адам кармай алат. Сельдерейди күн сайын колдонгондорго чыңдоочу, жашартуучу жана тазалоочу таасир берет.

Сельдерей диетасы 1 жумага эсептелген. Мындай диета учурунда банан менен жүзүмден башка жемиштерди жана картошкадан башка жер-жемиштерди жей берүүгө болот. Таза суу, минерал суусу, көк чай жана шекерсиз кофе ичүугө болот. Диетанын негизги шарты — күнүнө бир жолу бир тарелка шорпо ичүү.

Шорпого керектүү азыктар:

- 400 гр сельдерей сабагы;

- 0,5 кг капуста;

- 6 орточо пияз;

- 3 орточо помидор;

- 2 жашыл болгар мурчу (перец);

- туз, кара мурч.

Даярдоо жолу:

Жемиштерди жууп, тазалап, туурайбыз. Баардыгын казанга салып, 3 литр суу куябыз. Ага даамына жараша туз жана кара мурч салабыз. Казанды отко коюп, кайнатабыз. 10 мүнөт кайнатып күтө турабыз. Андан кийин капкагын жаап, демдеп, жемиштер жумшарганча кайнатабыз. Өтө пайдалуу жана арыктатуучу сельдерей шорпосу даяр!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!