Аз тамактануу өмүрдү узартат

03-03-2017

Бригама Янга университетинин окумуштуулары майлуу тамак-аштар картаюу процессин тездетет деген жыйынтыкка келишти. Бул учурда рибосомалардын активдүүлүгү басаңдап, клеткалардын калыбына келүү процесси жүрө баштайт. Бул тууралуу маалыматты “Molecular & Cellular Proteomics” журналы таратты.

Рибосома деп клеткалардын органоидин аташат. Булар белокту синтездөө процессинде катышат. Алар пипиддүү молекулалардан турат жана ар дайым курамдардын алмашуусуна муктаж болушат. Тең салмактуулуктун бузулушу нейрогидрид ооруларынын (рак шишиктеринин) келип чыгышына жана өмүрдүн кыскарууна алып келет. Буга чейин бул органоиддердин жаңыланып туруусун кантип ишке ашырса болот деген суроонун үстүндө тажрыйбалар жүргүзүлүп жаткан. Аз калориялуу тамактар клеткадагы белокту синтездөө ишин жайлатат.

Окумуштуулар изилдөө иштеринде чычкандарды пайдаланып, аларды эки топко бөлгөн. Келемиштердин бир тобуна тамакты аз берип, ал эми экинчи тобуна нормалдуу тамактандырышкан. 10 жумадан соң келемиштердин боорунан рибосомаларды бөлүп, андан соң анын курамындагы белокту жана РНКны анализдеп чыгышкан.

Окумуштуулар майлуулугу аз тамактанган чычкандардын клеткаларынын алмашуусу 25 пайызга азайганын байкашкан. Мындан сырткары клеткалардын өзүндө рибосомалар активдүүлүгү азайган. Белоктун алмашуу ылдамдыгы да жайлаган. Бирок ошол эле убакта рибосомалардын (рибофагии) деградация ылдамдыгы күчөгөн. Бул деген жабыркаган жактары жаңыларга алмашуусу тездеген деген түшүнүктү берет.

Окумуштуулар бул тажрыйба чычкандарга ийгиликтүү жыйынтык бергени менен адамдарга андай жыйынтык бербей калышы ыктымал деген ойлорун билдирүшүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!