Ичегинин жумуш иштөөсүн жакшыртуучу көнүгүү

Ичегинин жумуш иштөөсүн жакшыртуучу көнүгүү
8-Дек. 2017, Жума, 15:49

№1 көнүгүү

Алгач каттуу тартынып, кичине көнүгүүлөрдү жасап алыңыз. Эми арка менен жатыңыз. бутуңузду көтөрүп, абада буттарыңыз менен бирден жыйырма бешке чейинки сандардын сүрөтүн тартыңыз. Кичине дем алып алып, кайрадан улантыңыз.

№2 көнүгүү

Дал ошол калпыңызда жатып алып, бутуңузду жогору көтөрүп туруп, 20 секунд велосипед тээп бара жаткандай кыймылдатыңыз.

№3 көнүгүү

Отургучка отуруппу, сол бутуңузду көтөрүп, бирден онго чейинки сандардын сүрөтүн тартыңыз. Эми оң бутуңуз менен ушул кыймылды кайталаңыз.

№4 көнүгүү

Полго жатып, тизеңизди кошуп туруп, бутуңузду ичиңизге карай тартыңыз. Ушундайча бир нече секунд туруп, кайрадан көнүгүүнү 10 чакты ирет жасаңыз.

№5 көнүгүү

Ошол калыбыңыздан жазбай тизеңизкошулган бойдон бутуңузду биринчи сол жакка, кийин оң жакка буруп кыймылдаңыз. Көнүгүүнү 20 жолу кайталаңыз.

№6 көнүгүү

Тизеңизди бүгүп отуруңуз. Алды менен сол бутуңузду болушунча көтөрүп, кийин ушул көнүгүүнү оң бутуңуз менен аткарыңыз. Ар бир бутка көнүгүү 10 жолудан кайталанышы керек.

№7 көнүгүү

Бутуңуздун арасын ачып туруп, демиңизди ичке тартып, терең дем алыңыз. Көнүгүүнү 10 ирет кайталаңыз.

№8 көнүгүү

2 мүнөт ордуңузда туруп басыңыз. Көнүгүүнү ар дайым жасап туруңуз, иегиңиздин жакшы жумуш иштөөсү үчүн пайдасы чоң экенидигин унутпаңыз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!