Толуктуктун жугуштуу экенин айтышты

7-Фев. 2018, Шаршемби, 11:42

Түштүк Калифорния университетинин дарыгерлери семиздиктен инфекциялык оорулардын белгилери пайда болорун аныкташты. Тагыраак айтканда, семиз адамдар менен тыгыз мамиледе болгон адамдар убакыт өткөн сайын толо башташат. Окумуштуулардын бул изилдөөсү “JAMA Pediatrics” журналында жарыяланды. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты билдирет.

Адистер статистикалык анализ жүргүзүү үчүн “M-TEENS” долбоорунун негизинде алынган маалыматтарды колдонушкан. Бул маалыматтар тамактануу менен айлана-чөйрөнүн жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна тийгизген таасири алкагында жазылган. Окумуштуулар изилдөө жургүзүшүп, АКШ аскер базасында кызмат өтөгөн аскерлер менен (1 300 адам) бирге 1 111 баланын ден соолугуна айлана-чөйрөнүн таасирин аныкташкан.

Аталган изилдөөлөрдүн натыйжасында, Колорадо штатынын Эль-Пасо шаарынын 21 пайызы жаш өспүрүмү, Луизиана штатынын Верноне шаарынын 38 пайызы жаш өспүрүмү ашыкча салмактан зыян тартып жүргөнү аныкталган. Жалпысынан жаш өспүрүмдөрдүн төрттөн бири, ал чоңдордун төрттөн үч бөлүгү ашыкча салмак кошушкан.

Изилдөө учурунда катышуучулардын жашы, кирешесинин өлчөмү жана аскердик чини эске алынган.

Мындан улам аскер катарында кызмат өтөп жүргөн жана семиздикке чалдыккан тааныштары бар өспүрүмдөр да ашыкча салмак топтой башташканы байкалган.

Мындай кубулушту базага жакын жерде кафелердин жайгашканы менен түшүндүрүүгө болот. Ал эми окумуштуулардын айтуусу боюнча, мында адамдар арасында мамиле нигизги фактор болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!