Чайнабай жуткандар ашыкча салмакка көп учурашат

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 11:23

Туура тамактануу жөнүндө сөз болгондо эң алды менен кандай жана канча тамак-аш жеп жатканыбыз ойго келет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жай тамактанган адамдар, тез тамактангандарга караганда 42 пайызга аз ашыкча салмак менен жабыркашат. Орточо ылдамдыкта тамактанган адамдар 29 пайызга семиздикке аз учурашат.

“BMJ Open”дин жарыяланган изилдөө натыйжалары боюнча, мээ курсактын тойгондугун сезгенче тамактана берет, ошондуктан тез тамактангандар тойгонун сезмейинче тамактанышат. Мунун чечими өтө жөнөкөй: ар бир оозго алган тамакты 10 же 20 жолу шашпай чайноо керек.

Изилдөөнүн дагы бир таң калычтуу жыйынтыгы тамактан кийин тамактануу тууралуу ... Тамактан кийин тамак жегендер, уктар алдында эки үч саат мурда тамактанган адамдар семиздикке көп учурашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!