Азыктардын 30-50 пайызы ысырап болууда

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 09:55

“Жер бетинде жылына 2 млрд тонна өстүрүлгөн жана өндүрүлгөн азыктардын 30-50 пайзы ысырап болуп жатат”, - дейт “ВВС” булагына британдык инженер-механиктер коомунун изилдөөчүлөрү.

АКШ менен Европада сатып алынган азыктын жарымы таштандыга ыргытылат экен. Маалыматка ылайык, азыктын жараксыздыгына төмөндөгү факторлар себеп болууда:

Алар эгинди туура жыйнабоо, сакталуу эрежесинин бузулушу, бузулган тамак-аштарды сатууну катуу көзөмөлдөө менен сатып алуучулардын ысырапчылыгы.

Мисалы, Улуу Британияда жер-жемиштердин 30 пайызга жакыны сырткы келбетинин начарлыгынан жараксыз болуп, чирип кетет экен. Аталган маалыматты жарыялаган авторлор бул маселеге катуу тынчсызданышууда. Анткени, БУУнун пикири боюнча, 2075-жылга карата жер бетиндеги калктын саны үч миллардка жетсе, тамак-аш-адамдын жашоо булагы демекчи, ичип-жеп жаткан тамагыбызды ысырап кылбай, сараң пайдаланганыбыз абзел.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!