Толгуңуз келсе сагызды көп чайнаңыз!

27-Март 2018, Шейшемби, 14:27

Сагызды чектен ашык көп чайноо ден соолукка зыян экенин окумуштуулар далилдешкен. Чайноого арналган резинканы дүйнөдө узак убакыт бою дары-дарымек катарына кошуп келишти. Сагыздын тишке гана эмес, тамак аш сиңирүүгө да пайдалуу экенин дарыгерлер тастыкташты. Сагызды чайнаган сайын ашказандан иштеп, тамакты тез сиңирери баарыбызга маалым.

Бирок, чайноого арналган сагыздын курамына байланыштуу окумуштуулар арасында талаш-тартыш болду. Бирөө сагызды пайдалуу десе, экинчиси сагыз адамдын толуп кетүүсүнө себепкер болот деп эсептешет.

Эдинбургтагы Нейпира университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөдө сагыз адамга ашыкча салмак кошоору айтылды. Адам организмининдеги ашыкча салмактын топтолушуна сагыздын курамындагы кантты алмаштыруучу – аспартам себепчи экен.

Бир жылда аспартамдан 215 аял, 56 эркек киши зыян тарткан. Алар сагызды күнүнө бир нече ирет чайнаганда, айына 200 даанадан ашык сагыз чайнашкан. Жарым жыл өтпөй адамдар салмак кошо башташкан. Ал эми 48 адамдын ашказанында гастрит жана башка турдүү оорулар аныкталган.

Дарыгерлердин айтуусу боюнча, күнүмдү турмушта кантка карганда, аспартам май кабаттарын 40 пайызга көбөйтөт экен. Ошондуктан адистер күнүнө сагыздын бир даанасын гана чайноого же таптакыр баш тартууга кеңеш беришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!