​Футбол көрүү үчүн эркек болушту

2-Май 2018, Шаршемби, 11:55

Иранда аялдар футбол көрүү үчүн мурут-сакал жабыштырып, стадионго киришти. Бул тууралуу “Eurosport” жазууда. Иранда бир канча аялдар Иран чемпионаты беттешүүлөрүн көрүү үчүн эркекче кийинип, сакал-мурут жабыштырып алышкан. Алар Иран чемпиондугу үчүн "Персеполиса" жана "Сепидруд Решт" командаларынын матчын көрүшүп жана сыйлык тапшыруу аземине катышышкан.

Ал эми футбол беттешүүсү 3:0 эсебинде "Персеполиса", командасынын жеңиши менен аяктаган. "Персеполис"- эң көп жеңиштерге жетишкен жана Ирандын 11 жолку чемпиону болуп саналат.

Эсиңиздерге сала кетсек Иранда аялдарга футбол оюндарын көрүүгө тыюу салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!