Дүйнөдөгү бак-дарактардын түрүн аныкташты

6-Апр. 2017, Бейшемби

Эл аралык өсүмдүктөрдү коргоо боюнча ботаникалык бакча дүйнөдөгү бак-дарактардын түрүн болжолдуу түрдө - 60 миң деп аныкташты. Бул тууралуу маалымат “Journal of Sustainable Forestry” кабарлынып, Лента.ру сайты “BBC News” шилтеме берип кабарлашкан.

Эң көп бак-дарактардын түрү Бразилияда. Ал жакта 8715 түр дарак өсүп жатат. Ал эми эң эле аз 1,4 миң Түндүк Америкада өсүүдө.

Башка өлкөлөрдө өспөгөн 58 пайызы бир гана өлкөдө өсөт. Окумуштуулардын айтуусу боюнча бул олуттуу коркунуч туудурат жана буга аба ырайынын өзгөрүшү менен адам баласынын ишмердиги себеп болууда.

Болжолдуу түрдө бак-дарактардын 300дөй түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Мисалы, Танзанияда “Karomia gigas” деген дарактын алты гана түрү бар. Окумуштуулар анын уруктарын чогултууну көздөшүүдө.

Эл аралык топ бак-дарактардын түрүн аныктоо үчүн 500 уюмдун берген маалыматына таянып иш алып барышты. Бул сыяктуу иш-чаралар сейрек кездешкен жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдү сактап калуу максатында уюштурулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!