Эки жүз метр бийиктикте айнектен жол курулду

11-Апр. 2017, Шейшемби

“РИА Новости” сайты кабарлагандай, Ченцин шаарында капчыгайдын үстүндө сейилдөөгө ылайыкташтырылып жол курулду. Бул жол 80 метр узундукту түзүп, 200 метр бийиктикте орун алган.

Жол “А” формасына ээ жана таманы айнектен жасалган. Белгилүү болгондой, анда 80 кишиден ашык адам болбошу керек. Жергиликтүү башчылар дүйнөдөгү эң узун айнектен салынган сейилдөө жолу катары Гиннес китебине киргизүү максатында билдирме жазышууда.

2016-жылдын сентябрь айында Хунань аймагындагы “Чжанцзяцзе” улуттук сейил паркында дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө ачылган. Көпүрөнүн узундугу 430 метрди түзсө, туурасынан - 6 метр, жерден 3 метр бийиктикте курулган. Рекордсмен көпүрө 99 катмарлуу кармап турган панелдүү айнектен турат. Анда бир убакта 600дөн ашпаган адамды кармап тура алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!