РФда чет элдиктердин манжаларынын изи алынат

31-01-2017

Ошондой эле бул боюнча маалыматтардын топтомун түзүү пландалууда

Россиянын Ички иштер министрлигине караштуу Миграция департаментинин жетекчиси Ольга Кириллова аталган мекеме өлкөгө кирген бардык чет элдиктердин манжалардын изин алуу, бул түрдөгү маалыматтардын топтомун түзүү пландалып жатканын кабарлады.

“Россия 24” каналына билдирүү жасаган Кирилова “Учурда бул боюнча иштер жүрүп жатат. Мындан кийин чет элдиктердин манжаларынын изин алып, бул боюнча маалыматтардын топтомун түзүүгө убакыт жеткенин ойлоп жатабыз”,-деди.

Миграция департаментинин жетекчиси Ички иштер министрлигинин бул долбоору мигранттарга эле эмес, өлкөгө кирген бардык чет элдиктерге да тиешелүү экендигин айтты.

Ольга Кирилова буга чейинки билдирүүлөрүндө Россияда жалпысынан 2,5 миллионго жакын украиналык жашай тургандыгын белгилеп келген.

Мээрим Искакова

Россия, Миграция департаменти, Ольга Кириллова, манжалардын изин алуу

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!