Кызматкерлерине эң көп маяна берген өлкөлөр аныкталды

16-Май 2017, Шейшемби

“Европадагы айлык акысы жогору элдердин тизмеги жасалды. Кызмат акы рейтингинде Швейцария эли көч баштын алдында”,- деп кабарлайт “Правда.ру” сайты.

Швейцарияда кызматкерлердин таза базалык айлык акысын башка элдер менен салыштырганда болжолдуу түрдө 50 пайызга жогоруу болуп саналат.

“Willis Tower Watson” консалтинг фирмасы жүргүзгөн изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, швецариялыктардын айлыгы башка 15 өлкөдөгү кызматташтырынын алда кайда жогору. Швейцарияда карьерасын жаңы гана баштаган кызматкер менен орто муундагы менеджерлер көп маяна алышат.

Кызмат акынын өлчөмүн камтыган рейтингге 50 жумуш түрү боюнча 60 мамлекет кирген. Швейцарияда орто муундун кызматкерлеринин орточо таза кызмат акысы 151 346 еврону түзөт. Бул тизимектин экинчи орунунда Люксенбург турат.

Ал эми жаңыдан гана ишке кирип иштей баштаган швейцариялыктардын орточо айлык акысы 82 582 еврого тең.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!