Япониянын Осака шаарында 1,7 миңдей адам авиакаттамдардын үзгүлтүккө учурашынан улам Кансай аэропортунда түнөөгө мажбур болду. Буга “Кроса” тайфуну себеп болду.

“Аэропортту жетектеген компания баардык каалоочуларга түнөк таап, суу менен камсыз кылып турду. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү күтүү залында жатты”,-деп билдирет “Kyodo” агенттиги.

Осака аэропортунда бейшембиде жалпысынан 250гө жакын каттам токтотулду. Учурда учактардын учуу жана конуусу баштапкы тартипте уланууда.