Сумкасы бар көгүчкөн кармалды

25-Май 2017, Бейшемби

"Кувейтте аркасында сумкасы бар көгүчкөн кармалды. Анын сумкасында баңгизат табылган",- деп “LENTA.RU” булагы кабарлады.

Куштун артына артылган сумкасында 178 таблетка түрүндөгү баңгизат табылган. Көгүчкөндү бажы мекемесинин жанынан жапыз учуп бара жатканда кармашкан. Бул куш болжолдуу турдө Ирактын учуп келе жаткан деген маалыматтар айтылууда. Баңгизат саткандар көгүчкөндү ташымалдоочу ирээтинде колдонуп келишкен.

Жарыяланган сүрөттөрдө көрүнгөндөй сумканын түсү куштун өңүндөй кездемеден тилигенин байкоого болот. Эми тергөөчүлөр көгүчкөндүн ээсин аныктап, аны жоопкерчиликке тартышмакчы.

Ушундай эле окуя 2016-жылы Индия болгон, аталган өлкөнүн полиция кызматкерлери 150дөй көгүчкөндү кармашкан. Анда Пакистандыктар чалгындоо кызматы үчүн колдонушкан деген божомолдор келтирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!