Италияда удаа болгон жер титирөөдөн көп өтпөй ал аймакка жакын жайгашкан мейманканага кар көчкү түшкөн
Италиянын Лацио, Абруццо жана Марке аймактарында шаршембиде күчү 5,1 баллга жеткен 4 силкинүүдө бир адам көз жумганы белгилүү болду. 83 жаштагы адамдын денесин куткаруучу топ Абруццо аймагындагы Кастель-Кастанья шаарынан урандыдан алып чыккан. Ошол эле аймактагы Кастильоне-Мессер-Раймондо шаарынан өрт өчүрүүчүлөр эне-баланы урандыдан куткарган.
Мейманканага көчкү түштү
Күн бою зилзалар кайталанган өлкөнүн Абруццо провинциясына жакынкы Пескара шаарынын батышындагы “Rigopiano di Farindola” мейманканасына көчкү түшкөн. Кырсыктын келип чыгуусуна аба ырайынын шарттары жана сейсмикалык абал себеп болгону болжолдонууда.
Пескара шаарынын губернатору Антонио Ди Марко “Facebook” социалдык тармагындагы баракчасына “Тилекке каршы коркунучтуу трагедия болду. Кырсыктан көз жумгандар бар",-деп жазган.
Кырсыктын курмандыктары да бар экендигин журналисттерге куткаруу кызматынын өкүлү Антонио Крочет билдирген. Анын айтымында, имараттын чатырынын айрым бөлүктөрү көчкүдөн улам ураган.
Деңиз деңгээлинен 1 миң 200 метр бийиктикте жайгашкан мейманканада ошол күнү 30 адам болгону аныкталды.
Мээрим Искакова
Италия, жер титирөө, кар көчкү