Полярдык шоолалар жоголобу?

16-02-2017

Уюл жарыктары — ажайып «жаркырактардын шоусу», ал күндүн электрдик заряддуу бөлүкчөлөрү менен жердин жогорку катмарларынын сүзүлүшүнүн натыйжасында пайда болот. Бул көпчүлүк учурда уюлдук аймактарда катталса да мезгил-мезгили менен түстүү жарыктар түнкү асманда Улуу Британияда жана башка жерлерде да катталган. Акыркы убактарда бул жарык шоолаларын уюлдук аймактарда гана көрүүгө болот деген маалыматтар айтылууда. Чындыгында эле ушундайбы?

Чындыгында полярдык шоолалар, алардын масштабы жана пайда болгон жерлер 11 жылдык күндүн активдүүлүгүнө байланыштуу. Бирок ар бир күн цикли сандагы максимум жана минимумдук өзгөчөлүккө ээ.

Күндүн активдүүлүгү

Азыркы айтылган божомолдор көрсөткөндөй биз эң алсыз же “гранд-минимум” күн циклин көздөй жылуудабыз, бул деген күн максималдуу активдүүлүгүн көрсөтпөй жаткандыгын түшүндүрөт. Мындай көрүнүш бир нече жылдар же бир нече миң жылдарга чейин созулушу ыктымал. Бул деген жер шаарын муз доору каптап кетүү коркунучу бар дегенди билдирет.

“Nature” журналына берилген маалыматтарда окумуштуулар укмуштуудай «Маундерадин минимуму» деп аталган күндүн минимумунун моделин ойлоп табышкан. Бул “гранд минимум” 1965-жылы иштелип, башталып 70 жылдан соң бүттү. Бул убакыт аралыгында Күндө 50 күн тактары байкалган (анын активдүулүгүн көрсөткөн структуралар). Нормалдуу күн активдүүлүгүндө алардын саны бул кыска убакытта 40-50 миңге жетиши керек эле.

Изилдөөнүн авторлору белгилегендей “Маундер” минимумунда полярдык шоолаларды пайда кылган шамал тез алсырай түшкөнү байкалган, бирок ошондо да полярдык шоолалар пайда болуп турган.

Эгер кайрадан жаңы “гранд-минимум” чыкса уюл шоолаларын анда-санда гана көрүүгө мүмкүн болот.

Тундүк уюл шоолалары кийинки жүз жыл аралыкта пайда болуусу туралуу кандай божомолдор айтылууда? Эгер моделдер туура чыкса бизди чоң күн минимуму күтөт, күн активдүүлүгү азайып кийинки он жылда эң төмөнкү көрсөткүчкө жетет. Күндүн активдүүлүгү төмөндөгөндөн сайын полярдык шоолалардын пайда болушу чанда кездеше баштайт. Бирок бул такыр эле жок болуп кетет дегенди түшүндүрбөйт жана ошону менен бирге эле изилдөөчүлөр гранд- минимумдун жакындашы туурасында да күмөн санашууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!