65 журналист каза болду

22-Дек. 2017, Жума, 10:41

Журналисттердин "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму жыл сайынкы отчетун жарыялады.

Болжол менен алардын жарымы кызматына байланыштуу көз жумушса, кээ бири саясий жана кылмыштык материалдарынын кесепетинен киши колдуу болушкан.

Документке ылайык, Сирия, Мексика, Ирак менен Ооганстан журналисттер үчүн өтө кооптуу өлкөлөр деп эсептелинет. Жыл башынан бери 320дан ашык журналист камакка алынды.

54 журналист азыр туткунда кармалып турса, экөө дайынсыз жоголгон.

Эскерте кетсек, «Чек арасыз кабарчылар” уюмунун маалыматына шейкеш, былтыр бүткүл дүйнө боюнча 74 журналист кызматына байланыштуу көз жумган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!