Айымдардан турган учак экипажы

7-Март 2017, Шейшемби

Индия алгачкы жолу дүйнөдө аялдар экипажынан турган каттамды жүзөгө ашырды.

Бул жалаң гана айымдардан турган экипаж тобу дүйшөмбү күнү Делиден чыгып Сан-Франсиского конуп, бүгүн Индиянын Дели шаарына кайтып келишти.

Боинг-777 учагы, Тынч океандагы Америка Кошмо Штатынан, Атлантика океанынан учуп, дүйнөнү айланып чыкты.

Индия аба жолдору (Indian Airlines) Гиннесс Рекорддор китебине кирүү үчүн аракет кылышаарын жарыялады.

Аба каттамын жүргүзгөн компаниянын билдирүүсүнө ылайык, кызматкерлер, инженерлер, учуп келүүсүн жана кетүүсүн, ошондой эле аба кыймылын көзөмөлдөгөн курам баардыгы аялдардан турат.

8-март - Эл аралык айымдар күнүндө да ушул эле курам менен дагы бир учуу аткарыла тургандыгын компания кабарлады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!