​Циркте жолборс адамга кол салды

14-Март 2018, Шаршемби, 10:49

Кытайда зоопарктын жумушчусу өзү чоңойтуп өстүргөн жолборстун кол салуусунан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялады.

Маалыматка караганда, Кытайдын Фучжоу шаарында жолборс циркте оюн болуп жаткан учурда аны менен бирге темир тордун ичинде калган жумушчуну моюнунан тиштеп алган.

Аны менен чогу иштеген кызматкерлер темир тордун ичиндеги адамды сактап калуу максатында жолборсту атайын таякчалар менен түрткүлөп качырышкан. Бирок аны сактап кала алышкан эмес.

Каза болгон жара бул жолборсту кичине кезинен тартып чоңойткон. Жолборс мурда эч качан адамдарга кол салган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!