​Эсен Ниязов: “Биздин бүтүрүүчүлөр АКШда ири компанияларга иштеп жатышат”

​Эсен Ниязов: “Биздин бүтүрүүчүлөр АКШда ири компанияларга иштеп жатышат”
13-Окт. 2018, Ишемби, 13:55

Учурда алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдө билим алууну самаган кыргыз жаштары өтө көп. Ошондой мекендешибиздин бири Эсен Ниязов океандын ары жагында билим алып гана тим болбостон иштеп өз максаттарын ишке ашырып жаткан кези. Ал өзүнүн Америкадагы жашоосу жана келечектеги максаттары менен Zaman.kg сайтына бөлүштү.

-Эсен мырза өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

-Жашым 26да. Баткен обласында туулуп өстүм. 2010-жылы окууну Кадамжай шаарында Кыргыз-түрк лицейинде аяктагам. Учурда Американын Чикаго шаарында “Cybertek traning” борборунун директору болуп иштейм. Өзүм кесибим боюнча программистмин. “Univerisity of Wisconsin-Madison” университетинде компьютер инженериясы боюнча билим алгам. Учурда Чикаго шаарында жашап жана эмгектенип жатам.

-АКШга кантип келип калдыңыз АКШга келүү жеңил болбосо керек, кандай кыйынчылыктар болду?

-Мен 2010-2011-жылдары Бишкекте Манас университетинде билим алдым. 2011-жылдан тартып Америкага жайкы каникулга келип, андан ары Висконсиге окууга тапшырып окуп калдым. Албетте жеңил болбоду. Ар бир иштин өз кыйынчылыгы бар дегендей, менда ар бир мигранттын башынан өтө турган кыйынчылыктарды көрдүм. Эң эле кыйын болгону англис тили болду. Эч бир тааныш же туугандар болбогондуктан күндөлүк жашоону өткөрүү үчүн Америкада үзгүлтүксүз жумуш кылып туруу керек болду. Ал эми жумушка кирүү үчүн англис тили өтө маанилүү.

-Кошмо штатка сизди бир бийик максат жетелеп келди да, ошол максатыңыз менен бөлүшө кетсең?

-Мен АКШга келгенге чейин эле башка өлкөгө чыгып билим алсам деп кыялданчумун. Кыргыз-түрк лицейин аяктаганым үчүн алгач мен Түркияга барып окусам деген планым бар эле. Бирок тилекке каршы ал жакка бара албай, бир жылдан кийин Америкага келип калдым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып окууну ушул жактан окуюн деп чечтим. Ошол кездеги максатым чет жердеги сапаттуу билим алуу болсо азыр Кудайга шүгүр максаттар орундалды.

-Чет өлкөдө билим алуу сиздин жашооңузга кандай таасирин тийгизди?

-Эң эле таасирдүүсү бул – жашоого болгон көз караштын өзгөргөнү. Айрыкча компьютердик инженериясын окуган максаттарыма өзгөчө таасирин тийгизди. Анткени бул жактан окууну аяктап иштеп баштагандан кийин ушул эле Амеркадагы системаны Кыргызстанга да алып келип, Кыргызстанда да колдонгонгода толук мүмкүн экендигин көрдүм. Мисалы, бул жакта мамлекеттик кызматтарды же соода сатык иштери деги эле баардык күндөлүк жашоодогу жумуштар интернет аркылуу системалаштырылган. А бизде бир справка алуу үчүн 2 күн чуркайсың дегендей. Ошол сыяктуу көйгөйлөрдү жеңилдеткенге толук мүмкүндүк бар.

-Жаңы өлкөнүн менталитетине, маданиятына жана жашоо образына көнүү оңой болбосо керек?

-Албетте башында кыйын болду. Менин Америкада жашаганыма 7 жылдан ашты. Менин байкоомо караганда бул жактын маданиятына, менталитетине көнүп калыптырбыз. Бул жерде жашоо башка өлкөлөргө караганда мигранттар үчүн бир аз оңой болсо керек деп ойлойм. Анткени дүйнөнүн булуң-бурчунан баардык улуттун өкүлдөрүн көрүүгө болот. Америка түрдүү маданияттын жыйнагы десе болот.

-Азыркы кезде кайда эмгектенип жатасыз?

-Учурда биз Чикаго шаарында программалоо багытында иш алып барабыз. Бул компания негизи Вашингтондо түптөлүп, алгачкы офиси да ошол жакта жайгашкан. Ал эми Чикаго шаарындагы офис болсо дээрилик бир жылдан бери иш алып барууда. Чикаго шаарында кыргыз боордоштор көп болгондуктан бизде окугандардын көпчүлүгү кыргыздар болуп эсептелет. Кененирээк айтсам биздин борбордо 6 ай окуп, жакшы маяналуу ишке орношууга мүмкүнчүлүк болот. Ушул убака чейин 2 группаны бүтүрдүк. Алгачкы группада 54 окуучу билим алып, учурда алардын 50сү иштеп жатат. Экинчи группанын бүтүргөнүнө бир айдын жүзү болуп алардын 20сы иштеп калды. Ал эми азыркы учурда биздин борбордо 90го жакын окуучу билим алып жатат. Биздин бүтүрүүчүлөр Америкадагы ири компанияларга ишке кире алышат. Мисалга алсак “Chase”, “Bank of Amerika”, “US bank” банктарында жана “Allstate”, “Walgreens” компанияларда иштеп жатышат.

-Алдыдагы максаттарыңыз менен бөлүшүп кетиңиз?

-Алдыда көптөгөн максаттарыбыз бар. Бул жактагы тажрыбаларыбызды Кыргызстанга алып келсек деп көпкө аракет кылып жүрдүк. Ошол максат менен азыр Ысык-Көлдүн Каракол шаарында өз жумушубузду баштадык. Буга чейин Америкада программист болуп 3-4 жылдай иштеп кеткен өнөктөшүбүз Дөөлөт аттуу жигит менен иштешип Караколдо эки багыттуу жумуш баштадык. Максатыбыз акыркы технологиялар менен азыркы жаштарды IT индустриясын үйрөтүү. Анткени бул тармак аябай бат өнүккөндүктөн жумуш таап иштеп кетүү көп кыйынчылык жаратпайт. Ошондй эле чет өлкөгө чыгып иш издөөнүн да кереги жок. Эгер сапаттуу кызмат бере турган кадрларды даярдасак анда өзүбүздүн эле өлкөдө туруп дүйнөнүн булуң бурчундагы компанияларга иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Азыр баарыбызга белгилүү болгондой баардык бизнестин же ишканалардын өзүнүн системасы бар же болбосо жумуштун өнүгүүсү үчүн системаны түзүүгө мукташ. Ошондуктан бизде жетиштүү программист болсо анда бизде көптөгөн жумушту алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда жаштарды кабыл алып программалоону үйрөтүп жаткан кезибиз. Ал эми экинчи багыт болсо өлкөдөгү программистерди жумуш менен камсыздап, чет өлкөдөн долбоорлорду алып Кыргызстанда жасатуу. Азыркы тил менен айтканда аутсорсинг (Outsourcing) кызматын көрсөтүү. Бул бир гана чет өлкөнүн долбоорлору эле эмес жергиликтүү билим берүү, соода сатык, фининсы кызматтары тармактарына сапаттуу онлайн платформаларды жасоо болуп эсептелет. Азыр IT тармагында тажрыйбалуу программисттерди алып жергиликтүү долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин максат эки багытты тең Американын шарттарында же Американын ыкмаларында үйрөтүү. Анткени Кыргызстанда үйрөтүлгөн ыкма чет өлкөнүн рыногуна туура келбей калышы мүмкүн же болбосо Кыргызстанда жасалган программалардын, системалардын көпчүлүгү дүйнөлүк деңгээлде болбой калышы ыктымал. Ошол себептен биздин максат кызматыбызды дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!