Жайнагүл Ашырахманова: "Колго жасалган гүлгө тапшырык бергендер көбөйдү"

 Жайнагүл Ашырахманова:
24-Янв. 2019, Бейшемби, 11:08

Кагаздан гүл жасап саткан жеке ишкер, "70 өнөр" долбоорун ишке ашырып жаткан 20 жаштагы Жайнагүл Ашырахманова кантип жаштар ишкер боло алары тууралуу өз тажырыйбасын zaman.kg сайтына бөлүштү.

-Жайнагүл алгач өзүң тууралуу кененирээк тааныштыра кетсең?

- Мен 1999-жылы 15-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда Ак-Булуң айылында төрөлгөм. Ал жакта 6-класска чейин билим алып андан соң Бишкек шаарына келип атайын кыздар үчүн “Давка” мектеп-комплексине бюджеттик негизде өтүп 9-классты бүтүргөм. 10-11-классты Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетине караштуу гуманитардык лицейде билим алгам. Азыркы учурда ушул эле окуу жайдын мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу факультетинде 3-курстта окуп жатам.

- Сенин кол өнөрчүлүккө аралашып калышына ким себепкер болду?

- Менин кол өнөрчүлүккө аралашып калышыма ата-энем себепкер болду деп ойлойм. Себеби атам - уста, апам – куракчы болуп эмгектенишчү. Апам курак курап, төшөк көктөп жатканда ар дайым мага кызык болчу. Апамды карап отуруп кызыкчылыгым артып, үйдө бош отуруп калганда өзүмдүн фантазияма жараша сайма сайып, байпак түйүп, гүл жазап калчумун. Окуудан тышкары гүлдөрдү жасап социалдык түйүндөр аркылуу сатып, “70 өнөр” долбоорун түзүп, азыркы учурда буйрутмаларды алып жеке ишкер катары иштеп баштадым.

- “70 өнөр” долбоорунун жаралуу тарыхын айтып берсең?

- Башында “Жайнагүлгө 70 өнөр аздык кылат” деген хэштег аркылуу чыгып баштагам ушуну кыскартып “70 өнөр” долбоорун иштеп чыктым. “70 өнөр” долбоору “Жаштардын колунан дагы бир нерсе келет” - деген ураан менен иштеп баштадык. Азыркы учурда кол өнөрчүлүккө кызыккан жаштарды колдоп, алардын жасаган эмгектерин инстаграм аркылуу сатканга жардам берип келе жатабыз.

- Гүлдөрдү канча убакытта жазап бүтөсүн, баасы канча?

- Жаңы баштаганда бир суткалап отуруп жазачумун, айтышат эмеспи “ар бир кыйынчылыктын артында жакшы нерсе турат” - деп. Ошентип кыйналып отуруп азыркы учурда командам менен 3 же 4 сааттын аралыгында жазап бутөбүз. Гүлдөрдүн баасы ар кандай, кардарлардын буйрутма беришине жараша болот. Мисалы, “апа” деп жазылган гулдөрдүн баасы орточо эсеп менен миң сомдон жогору. Азыр тапшырык бергендер да көбөйдү.

- Командам деп калдың, командаң туралуу айтып берсең?

- Командамда азыркы учурда үч адам бар. Үчөөбуз тең кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрун өздөштүрүп келе жатабыз. Жакынкы аралыктан бери тойлорду дагы кооздоо иштери менен алек боло баштадык. Буюрса, бул окуумду бүткөндөн кийин “дизайнер интерьер” кесибине тапшырам деген максат коюп жатам. Бул жаатында билимим жок болгондуктан тойлорду кооздоо иштеринде кыйналып калып жатам.

- Конкуренттер жөнүндө айта кетсең, алардан сага бут тосуулар болдубу?

- Албетте бут тосуулар болуп турат, бирок аларга түшүнүү менен мамиле кылабыз. Алардан өзгөчөлөнүп туруш үчүн өзүбүздүн эмблемабызды коюп, ар дайым фантазиябызды өстүрүп, изденип, кардарлардын оюндагыдай кылып жасап, өз убагында жасап бергенге болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

- Ишкерлик менен алектенем деген жаштарга кандай кеңеш берет элең?

- Ишкерлик менен алектенем деген жаштарга, биринчиден ар бир адам өзүнүн шыгын билиш керек, эмнеге шыгы бар экенин. Эмнеге шыгы бар экенин билбей туруп, акчасына карап бара бербей ойлонуш керек. Деги мага эмне жагат, эмне жакпайт деп өзүнө суроо узатып, ал суроого өзү жооп табуу керек. Ар бир адам көңүлүнө жаккан ишти кылса, ар бир адам ишкер болот деп ойлойм. Себеп дегенде мен дагы бул убакытка чейин ар кандай иштерди жасап көргөм, бирок колумдан келгени жүрөгумө эң жакыны кол өнөрчүлүк болду. Ошондуктан жаштар дагы өздөрүнүн жүрөгүнө жакын ишти кылса, анда аларды ишкер деп атоого болот.

-Маегине рахмат, ишиңе ийгилик!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Кыргызстанда бильярд боюнча дүйнө биринчилиги өтөт
​Кыргызстанда бильярд боюнча дүйнө биринчилиги өтөт
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Ысыкта бет майланышпаш үчүн эмне кылыш керек?
Ысыкта бет майланышпаш үчүн эмне кылыш керек?
Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш орун алды
Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш орун алды
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту