Көзөмөлсүз дрон учакты кыйрата жаздады

28-Март 2018, Шаршемби, 16:14

Жаңы Зеландия аба жолдоруна таандык Токио-Аукленд каттамындагы жүргүнчү учагы конуп бара жатканда 5 метр жакындаган дрон 278 жүргүнчүгө коркунуч жарата жаздады. Буга чейин ушул эле аба майданында учкучсуз түзүм байкалып, учуулар жарым саатка токтогон эле.

Учкучтар чара көрүүгө мүмкүн болбогон учурда аба түзүмү тоскоол болгону, учактын мотору аны жутуп алса олуттуу коркунуч жаралышы толук мүмкүн экенин аба жолдорунун жетекчиси билдирди. Ал NZ92 учагы жекшембиде аз эле жерден калганын, көзөмөлсүз дрон учургандар камаларын же катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Жаңы Зеландиянын мыйзамына ылайык жарандык авиациянын эрежелерин бузгандар 3 миң доллардан ашык акчалай айып пул төлөшөт. Негизинен дрондорду аба майдандарынан 4 чакырым алыстыкка учуруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!