20 жаштагы Малала премьер-министр болгусу келет

29-Март 2018, Бейшемби, 12:50

Малаланы 2012-жылы 15 жашында кыздарды билим алууга үндөгөнү үчүн башка атышкан.

“Талибандын” кол салуусуна кабылган Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай 5 жылдан кийин өз өлкөсүнө кайтты. Жергиликтүү телеканалдар кыздын үй-бүлөсү менен аэропортто келе жатканын көрсөттү. Анда коопсуздук чаралары көрүлгөнүн байкоого болот.

Малала Юсуфзай Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси менен жолугушаары күтүлүүдө.

Эмне кол салууга учураган?

Юсуфзай 11 жашында Талибан режиминдеги жашоо тууралуу ойлорун жаза баштаган. 2012-жылы 15 жашка келгенде ал түшүп бара жаткан автобуска кол салуу болуп, башына ок жаңылган. Бул куралдуу кол салууга Малаланын батышчыл көз карашы себеп болгону белгилүү болгон.

Жаракатынан улам жаш кыз Бирмингем шаарында узак мөөнөт дарыланды.

2014-жылы 17 жашында Нобель Тынчтык сыйлыгына татыган эң жаш кыз катары тарыхка жазылды.

Бүгүнкү күндө 20 жаштагы кыз өз өлкөсүнө кайтууну эңсеп келет. Келечекте өлкөсүнүн премьер-министри болууну кыялданат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!