Азиялык туристтер бет каптарын чечүүгө аргасыз

29-Март 2018, Бейшемби, 15:42

Австрияда өткөн жылдын октябрь айында күчүнө кирген бет каптарга (маска) тыюу салган мыйзамды бузган 29 учур катталган.

Мыйзамга ылайык полиция жаныбарлардын костюмун кийгендерге жана бет кап таккандарга киришүүгө аргасыз эле.

Англиянын “Guardian” гезитиндеги маалыматтарга караганда мындай тыюулардын таасири Венанын аба майданына конгон, абанын булганычына байланыштуу маска таккан азиялык топко таасирин тийгизди. Полиция туристтердин маскаларын алдырууга аргасыз болгон.

Өлкөдө мындай тыюулар Австриянын маданий баалуулуктарын коргоо максатында киргизилгени белгиленүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!