“Telegram” көп өлкөдө иштебей калды

29-Март 2018, Бейшемби, 16:57

Россияда, Европада, КМШ мамлекеттеринде, Жакынкы Чыгышта Telegram мессенжеринин иши үзгүлтүккө учураганынан арызданышууда. Мындай көйгөйөлөр акыркы 30 мүнөттө болгон.

“Telegram” программасынын кызматкерлери “Twitter” тармагындагы баракчасында мындай көйгөйлөр бир катар мамлекеттерде кездешкенин тастыктады. “Бул маселелер изилденип жатат. Жакынкы учурда калыбына келеринен үмүттөнүп жатабыз”,-деп жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!