Космонавтар жаңы түзүмдөрдү ийгиликтүү орнотту

30-Март 2018, Жума, 11:24

Эл аралык космос станциясынын астронавтары Эндрю Фойстел жана Ричард Арнольд ачык космостон станцияга кайтып келишти. Алардын станциянын сыртына жаңы жабдууларды орнотуу иштери ийгиликтүү аяктаган.

Ачык космостогу иштер алты саатка созулган. Астронавттар анда зымсыз байланыш менен камсыз кылуучу заманбап түзүмдөрдү жайгаштырган. Андан тышкары Жерди байкоого алган камераларды алмаштырган.

Эске сала кетсек, Фойстел жана Арнольд эл аралык космос станциясына 23-мартта барган. Учурда ал жакта россиялык космонавтар Олег Артемьев, Антон Шкаплеров, америкалык Скотт Тингл жана япониялык Норисигэ Канаи бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!