Шварценеггер операциядан аман чыкты

31-Март 2018, Ишемби, 11:59

Белгилүү актер Арнольд Шварценеггер наркоздон “Мен кайттым” деген сөз менен ойгонгон.

“Шварценеггер ойгонду. Аны алгачкы сөзү “Мен кайтып келдим” деп айтканы болду. Демек маанайы жакшы”,-деп кабарлаган артист жана Калифорниянын экс-губернаторунун агенти Дэниэл Кетчелл.
Эске сала кетсек, “Терминатор” тасмасында Арни атуу каармандын “Мен кайтып келем” деген жери бар.
70 жаштагы Шварценеггер жүрөгүнөн чукул түрдө операция болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!