Ак үйдө бункер табылды

3-Апр. 2018, Шейшемби, 14:51

Журналист Рональд Кесслердин “Белый дом Трампа: меняя правила игры” аттуу китебинде президенттик резиденциянын түндүк газонунда жашыруун бункер тууралуу жазылган.

“The Washington Examiner” журналы жазгандай жер астындагы курулуш өзөктүк согуштан сактанууга ылайыкталып, Барак Обама президент кезде 2010-жылы курулган. Дональд Трамптын администрациясынын кызматкерлери ал жакты билишет.

Бункер Ак үйдүн кызматкерлеринин санына ылайыкталган.

Документтерде курулуш электр өткөргүчтөрүн жана абаны алмаштыруучу түзүмдөрдү жаңылоочу жай экени жазылган.

Ак үйдүн чыгыш тарабында дагы бир бункер бар. 2001-жылдын 11-сентябрдагы террордук кол салууда ал жакта Американын вице-президенти Ричард Чейни жана башка бир катар аткаминерлер ошол жакта жашырынганы айтылып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!