Путинге президенттик күбөлүк тапшырылды

3-Апр. 2018, Шейшемби, 15:59

Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Элла Памфилова Владимир Путинге Россиянын президентинин күбөлүгүн тапшырды. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы жазды.

Салтанатта БШКнын төрайымы Путинди таза жеңиши менен кутуктады. Путин өз кезегинде Памфиловага өлкө үчүн маанилүү өнөктүк мыкты уюштурулганына ыраазычылык билдирди.

Россияда президенттик шайлоо 18-мартта өткөн. Анда 76,69 пайыз добуш алган же 55 миллиондон ашык жарандын колдоосу менен Владимир Путин жеңишке жеткен.

БШКнын маалыматына караганда шайлоодо 73 миллион 629 миң жаран добуш берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!