Трамп “Amazon” компаниясын чыгым кылды

4-Апр. 2018, Шаршемби, 15:57

Дональд Трамп “Amazon” компаниясын салык, башка соода жайларынын ишин оорлоштурганы менен сынга алган болсо, бул ирет карго кызматтарына байланыштуу айыптады. Андан улам аталган ишкана акыркы 1 аптада 75 миллиард доллар жоготту.

Бул ирет күн тартибинде АКШнын “USPS” почта кызматы менен жиберилген кутулардын баалары болду.


“Байлыгын жоготот, бул өзгөрөт”
Трамп АКШнын почта кызматы “Amazon” компаниясынын айынан жоготууга учураганын кайрадан кайталап, “Эч нерсени түшүнбөгөндөр акчасын жоготуп жаткан “Post Office” кызматын “Amazon” аркылуу акча таап жатканын айтып жатышат. Байлыгын жоготуп жатышат жана бул өзгөрөт”,-деди.
“Amazon” акциялары бул билдирүүдөн кийин күнүнө 5.9 пайыз жоготуу менен жаап, 1362 доллар деңгээлинде төмөндөдү. Ошентип ишкананын рыноктук наркы 45 миллиард доллар болуп азайды.
“Amazon” буга жооп жаза элек. Трамп кутулардын саны артса “Amazon” компаниясынын карго баасы жылына 2.6 миллиард доллар болуп кымбаттаарын айтты.
Дональд Трамп өткөн аптада “Amazon” жеткиликтүү деңгээлде салык төлөбөй жатканын айткан. Ошондой эле бир топ соода тармагында иш алып баргандар ишсиз калганын айткан.

“Amazon” акцияларындагы жоготуу өткөн аптадан бери 12 пайызга төмөндөгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!