Эки кызын май куйган жерге унутуп калды

4-Апр. 2018, Шаршемби, 17:42

Германияда бир ата Италиядан саякаттан келе жатып эки кызын май куючу жайга унутканын 170 чакырым жол баскандан кийин билген.

47 жаштагы адам майга акчаны төлөп келери менен унаадагы 10 жана 14 жаштагы кыздарын түшүп кеткенин байкабай айдап кеткен.

Жарым саат атасын күткөн кыздар ал жактагы кызматкерлерден жардам сураган. Атасынын чөнтөк телефонунун номерин билбеген кыздар үйүнүн номерин полицияга билдиришкен.

Уйкуда жаткан эне менен байланыш кыйынга турган. Ал эми жолго алаксып кеткен ата 48 ирет чалынган телефонго жооп берген эмес. 170 чакырым жол баскандан кийин гана кыздары жок экенин байкаган.

Полиция балдарды атайылап таштаганын же унутканын аныктоого киришти.

Бул балдар унутулган биринчи учур эмес. Өткөн жылы эки бала унаа жолунда калган. 2013-жылы айдоочу жаңы үйлөнгөн жарын унутуп кеткенин 200 чакырым жол басканда билген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!