Меркель: Украинадагы абал жакшырышы зарыл

18-Март 2017, Ишемби

Германиянын канцлери Ангела Меркель Украина кризисин чечүү, ага параллелдүү түрдө Россия менен мамилени жакшыртуу зарыл экендигин айтты.

Мындай билдирүүсүн ал Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушкандан кийин уюштурулган маалымат жыйынында билдирди.

“Көйгөйдү чечүүнүн жолдорун табышыбыз керек. Ошол эле мезгилде Россия менен мамилени жакшыртуу зарыл”,-деди ал.


Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп Меркель менен Франциянын президенти Франсуа Олланддын Украина кризисин жөнгө салуу аракеттерин жогору баалады.


“Германиянын канцлеринин кризисти чечүүдө башкы ролду алганына баа бердим”,-деди Дональд Трамп.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!