Иттерге кино зал ачылды

5-Апр. 2018, Бейшемби, 15:34

“The Times” гезитинин кабарына ылайык Англияда “Picturehouse” кино залдары алты аптада бир жолу иттер ээлери менен кино көргөнгө уруксат берди.

Кино тарыхында “Lassie”, “Rin Tin Tin”, “Beethoven” атуу ит каармандар тууралуу балдарга сунушталган тасмалар эми иттерге көрсөтүлө турган болду.

Бул жаныбарлар тууралуу фильмдерге маани берген режиссер Уэс Андерсон фестиваль уюштураарын жазган “Times” гезити ит менен киного баруу демилгесин колдогон.

Кино залга келген иттерге керектеле турган буюмдардын баасы билетке кошулган.

Йоркшир шаарында кино залдарга жооптуу жетекчи “Негизинен иттер ээлеринин жанында тынч отурат. Үрбөйт деле. Адамдарга караганда маданиятттуу. Попкорн жебейт. Тынч отуруп, айланасына тоскоол болбойт. Эң башкысы жандарында телефон жок”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!