Европол: 65 миң адам саткычтын изине түштүк

5-Апр. 2018, Бейшемби, 17:12

Европанын полиция уюму (Европол) мигранттарды мыйзамсыз жол менен башка мамлекеттерге жеткирүү менен алектенген 65 миң кишинин изине түшкөнүн билдирди. Европолдун маалыматына караганда Жер ортолук деңизинен өткөн мигранттардын саны азайганына карабастан адамдарды ташуучуларга талап дале жогору.

2015-жылы Европолдун маалымат базасында 30 миң шектүү болсо, 2016-жылдын соңунда 55 миңге жеткен.

Көбү европалыктар

Маалыматтарга караганда мындай иштер менен алектенгендердин 63 пайызын Европа жарандары түзсө, 45 пайызы Түштүк Чыгыш Европа мамлекеттеринен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!