Каталония лидери кепилдикке бошоду

6-Апр. 2018, Жума, 13:21

Германияда камалган Каталония лидери Карлес Пучдемон 75 миң евро кепилдикке төлөө шарты менен кое берилди.

Экс-лидер Германиядан чыгып кетпей тургандыгын, даректерин алмаштырса билдирерин, аптада бир жолу Ноймүнстер полициясына катталып турарын айтты. Ошондой эле прокуратура жана сотттун сурактарына келерин белгиледи.

Карлес Пучдемон 25-мартта Дания менен Германия чектешкен унаа жолунда кармалып, Ноймүнстер жаза өтөөчү жайга киргизилген.

Экс-лидер төрт министр менен бирге Каталонияда 27-октябрдагы бир тараптуу эгемендик жарыялаганы үчүн айыпталып, Бельгияга качкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!