Түштүк Кореянын экс-президенти 24 жылга камалды

6-Апр. 2018, Жума, 14:22

Кызматынан четтетилген Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе 24 жылга эркинен ажыратылганы “Ренхап” агенттиги кабарлады.

Пак Кын Хе өлкөнү 2013-2017-жылдар аралыгында башкарган. Ага 18 пункт боюнча айып тагылды. Башкача айтканда паракорчулук, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттин жашыруун сырларын ачыкка чыгарганы белгилүү болду.

Пак өзүнүн досу Цой Сун Силь жана башка жардамчылары менен максатсыз пайдаланган каражаттын өлчөмү 40,4 миллиард вонго (38 миллион доллар) жеткен. Бирок Сеул соту экс-президентке 18 миллиард вон (17 миллион доллар) гана айып пул салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!