Австралиялыктар учкан жылан көрүшкөн

6-Апр. 2018, Жума, 15:11

Квинсленд штатындагы Саншайн-Кост районундагы окуучулар мектептин короосунан жылан көрүшкөн. Окуу жайдын кызматкерлери сойлоп жүрүүчүнү бутак менен жерге түшүрүүнү каалаган. Бирок чочуган жылан ордунан ыргып жакын жердеги бадалга кирип жок болгон.

Жыландарды изилдеген окумуштуу Лэчи Гилдинг жыландар ушундай жол менен коргонорун айткан.

“Ооба жыл өткөн сайын учкан, секирген жыландар көп кездеше баштады. Эгерде сойлоп жүрүүчүлөрдө коронгонго башка аргасы болбосо алар бардык кыймылга барат”,-деген эксперт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!