Галактикада 12 күн эс алган 9.5 миллион доллар

6-Апр. 2018, Жума, 16:45

АКШда “Orion Span” ишканасы Калифорнияда өткөн “Space 2.0” конференциясында жаңы долбоору менен тааныштырды. Анда космосто курула турган алгачкы люкс мейманкана, аны курууга даярдыктар тууралуу айтылды.

Эл аралык космос станциясы сыяктуу Жердин орбитасында жайгаша турган мейманканага алты адам батат. Эки космонавт жана 4 турист 12 күн коноктолот. Алар космосто укмуштуудай көрүнүштөргө күбө болуп, байкоо иштерине катыша алат.

Ишкананын ээси Франк Бунгер космостогу алгачкы мейманканага барууну каалагандар азыртадан 80 миң доллардан төлөп тизмеге жазылып жатканын айтты. Ошондой эле 12 күндүк саякаттын баасы 9.5 миллион доллар экени белгиленди.

Мейманкана 2021-жылы орбитага жайгаштырылса, кийинки жылы алгачкы конокторун кабыл алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!