2017-жылы кырсык 314 миллиард доллар чыгым кылды

10-Апр. 2018, Шейшемби, 16:43

2017-жылы жаратылыш кырсыктары мурдагы жылга салыштырмалуу бир топ чыгымга учураткан. Бул боюнча Лувенск католик университетинин Кырсыктардын эпидемиологиясын изилдөө борборунун (CRED) 10-апрелде жарыяланган баяндамасында жазылган.

Суу ташкындары жана урагандар, көчкү жана башка жаратылыш кырсыктары 9 миң 503 адамдын өмүрүн алды. Алардын көбү 2017-жылы Азияда болду. Алардын 25 Кытайда болсо андан жабыркагандар 15 миллионго жеткен. Индияда 15 жаратылыш кырсыгынын 2,3 миң адам жаракат алган.

CRED өзгөчө кыйроого “Харви”, “Ирма” жана “Мария” бороондору алып келген. 2017-жылдын август жана сентябр айларында бул урагандар Кариб деңизинен өтүп, АКШнын жээктерине жеткен. Алар 95 миллиард доллардай чыгымга учураткан.

Жалпысынан жаратылыш кырсыктары 2017-жылы 314 миллиард доллар чыгаша алып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!