Саакашвили жаңы ишке орношту

11-Апр. 2018, Шаршемби, 11:02

Грузиянын экс-президенти жана Одессанын мурдагы губернатору Михаил Саакашвили Украинадан чыгарылары менен Голландияга жайгашканын, ал жактан жаңы ишке орношконун билдирди.

Грузиялык лидер Голландиядагы “Speakers Academy” окуу жайына сабак берет. Жубайы Сандра Рулофс Голландиянын жараны болгондуктан экс-лидерге ал жакта жашоого уруксат берилген.

“Facebook” тармагында жазгандарында Саакашвили “Голландиядагы “Speakers Academy” окуу жайы менен макулдаштым. Европада жашап жатканымда жашоого сабак берип акча табам. Академиянын жамааты жакшы экен. Көпкө деле сабак бербейм деп ойлойм. Тажрыйбаларымы сабак берүүгө эмес, олигархтарды күчтөн жана чыныгы реформациядан алыстатууга пайдаланам”,-деген.

Февраль айына Украина бийлиги тарабынан Польшага чыгарылган Саакашвили кийин Голландияга жайгашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!