Россиялык ишкер Олег Дерипаска ээлик кылган “Руссал” компаниясынын акциялары АКШнын Россияга санкциялары көбөйөрү менен жарым-жартылай төмөндөдү.
“Forbes” журналынын маалыматына караганда Россиянын миллиардери бир күндө 12 миллиард долларын жоготкон.
Олег Дерипаска “Forbes” журналынын 2017-жылдагы рейтингинде бай ишкерлердин тизмесинде 23-сапка жазылган. Санкциялардын айынан “En+”, “Русал” жана башка компаниялар бир топ зыянга учурады.
“Русалдын” Гонконг биржасындагы акциялары 50 пайызга төмөндөп, ишкана 4,3 миллиард доллар жоготкон. Аталган ишкана алюминий өндүрүүнүн 7 пайызын колунда кармап турган.
АКШ Россияга каршы экономикалык санкцияларды өткөн аптада кеңейткен. Тизмеге 14 компания жана 17 адам кошумчаланган.