Банкир: Бир күндө 250 миллион доллар жоготтум

11-Апр. 2018, Шаршемби, 13:49

Тинькофф банкын негиздеген Олег Тинков бир күндө 250 миллион доллар жоготконун, бирок бул позитивдүү абал экенин айтты.

2018 Биржа форумунда сүйлөгөн Тиньков “Россияда ишкер дүйнөсүндө чыңалуу болсо да өзүбүздү жакшы сезип жатабыз. Бир күндө 250 миллион доллар жоготтум. Бирок мындан да оор күндөр болгон. Бир күндө бир миллиард доллар жоготконуму эстедим. Андан улам бул абдан позитивдүү”,-деди.

Россияда биржада болуу вулкандын үстүндө жашагандай экенин тамашага салган банкир “Тилекке каршы инвесторлорубуздун нерви анчалык бекем эмес?”,-деди.

Ошол эле мезгилде Тиньков банктын иштери көйгөйсүз уланып жатканын айтты. “Досторума телефон чалдым. Бары иштеп жатат. Барыбыз иштеп жатабыз. Банк жакшы пайда таап жатат. Кирешелер, бардыгы негизинен жакшы”,-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!