АКШ Сириядагы аскердик базага сокку урду

12-Апр. 2018, Бейшемби, 11:01

Жер ортолук деңизинде жайгашкан 2 АКШ кемесинен Хомс шаарына жакын жайгашкан Эш-Шайрат аба базасына 50дөн ашык Томагавк ракетасы учурулду.

АКШнын президенти Дональд Трамптын билдирүүсүндө “Операция АКШнын коопсуздугу үчүн маанилүү болгон” деди. Иран кол салууну сынга алса, Сауд Арабия, Англия жана Израиль колдоого алды.

Кремль АКШнын Сириядагы аскердик аба базага сокку урганынан кийин билдирүү жасады. Анда Владимир Путин бул аракетке эгемендүү мамлекетке кол салуу катары баа бергени жазылган.

Россиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игор Конашенков АКШнын Сириядагы Хомс шаарындагы Эш-Шайрат аба базасына кол салуусу көптөн берки даярдыктан кийин болгонун белгилеген. Ошондой эле ал АКШ Эш-Шайратка 59 ракета кое бергенин, бирок алардын 23ү базага жеткенин, калган 36 ракета кайда түшкөнү белгисиз болгонун кошумчалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!