Башар Асад кайда экени белгилүү болду

12-Апр. 2018, Бейшемби, 11:29

Иранга качканы айтылып жаткан Сириянын президенти Башар Асад Дамаск шаарында диний аалымдар жана интелегенттердин катышуусунда өтүп жаткан Улуттун биримдиги конференциясынан көрүндү.

Сириянын президенти Башар Асад жана анын үй-бүлөсү АКШнын кол салуу ыктымалдыгынан улам Иранга качканы болжолдонуп жаткан.

Дамаск шаарында өтүп жаткан иш-чарага Египет, Алжир, Тунис, Марокко, Ирак, Ливан, Индонезия, Түркия, Индия, Афганистандан окумушуулар, дин өкүлдөрү келишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!