Антониу Гутерреш: Сириядагы абал көзөмөлдөн чыкпашы керек

12-Апр. 2018, Бейшемби, 14:20

Бириккен улуттур уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антониу Гутерреш БУУнун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсүнүн элчилерине абалга катуу тынчсызданып жатканын, Сириядагы абал көзөмөлөдөн чыкпашы керектигин эскертти.

“Акыркы чараларыбыз Сирия элин тооруп турган коркунучту жок кылуу экенин унутпашыбыз керек”,-деди.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү АКШ, Россия, Кытай, Англия жана Франция.

Антониу Гутерреш өз билдирүүсүндө Коопсуздук кеңеши химиялык кол салуу боюнча айтылгандарды изилдөөдө бир чечимге келе алышпаганына капа болуп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, АКШнын химиялык кол салууларды изилдөө боюнча Коопсуздук кеңешине сунуштаган мыйзам долбоорун Россия вето кылган.

БУУдагы Россиянын элчиси Василий Небензя АКШны бул долбоорду Сирияга кийлигишүү үчүн шылтоо кылып жатканын менен айыптаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!