АКШ, Англия жана Франция Сирияга сокку урду

14-Апр. 2018, Ишемби, 14:36

АКШнын президенти Дональд Трамп таңга жуук Америка армиясына Сириядагы химиялык курал жайларына сокку урууга буйрук бергендигин белгиледи. Бул билдирүүдөн кийин АКШнын Коргоо министрлиги Пентагон Сириядагы бирден ашык бутага сокку урулганын кабарлады.

Буга удаа Россия АКШ элчилиги аркылуу бул кол салуу “жыйынтыксыз калбай тургандыгын” билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак сарайдагы билдирүүсүндө кол салууга Англия жана Франция колдоо көрсөткөнүн айткан.

“Reuters” кабар агенттигине сүйлөшкөн америкалык жетекчи Сириядагы бирден ашык жер Tomahawk ракеталары менен урулганы айтты.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй дагы Англиянын операцияга колдоо бергендигин “күч колдонбогондон башка альтернатива жок эле” деген сөздөрү менен айтты. Ошондой эле Мэй операциянын Сирияда “режим өзгөртүүгө” байланышы болбогондугун айтты.

Россия: Мындай аракеттер жыйынтыксыз калбайт

Башар Асад бийлигинин башкы союздашы Россия, АКШдагы элчилиги аркылуу “мындай аракеттер жыйынтыксыз калбайт”,-деди.

“Мурдатан пландалган сценарийлер коюлуп жатат. Кайрадан коркутууга алындык. Бул жоопсуз калбай тургандыгын эскерткен элек. Бардык жоопкерчилик Вашингтон, Лондон жана Парижге таандык”,-делген.

Пентагон бутага алынган жерлерди маалымдады

Маалымат жыйынын өткөргөн АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү сокку урулган 3 бутаны айтты. Алардын катарында химиялык жана биологиялык куралдарды өндүргөн Дамасктагы илимий борбор бар. Ошондой эле Хомс шаарынын батышындагы химиялык курал сактоочу кампа кирген.

Асад бийлиги: Кол салуу эл аралык укукту бузуу

Трамп билдирүү жасаары менен Дамаск шаарында жарылуулардын үнү угула баштаганын Сириянын мамлекеттик телеканалы тастыктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!